Университетте соода түйүндөрү ачылабы? (видео)

813

Кыргызстан эл аралык университетинин имараты шаардын карамагына өткөрүлүп, биринчи кабатында соода түйүндөрү ачылып калышы ыктымал. Мындай план тууралуу Бишкектин мэри Албек Ибраимов кабарлады. Бул кадамга калаа башчысы  окуу жайдын имараты кароосуз калды, деген жүйөө менен барууда. Бирок билим берүү мекеменин жетекчиси имаратты шаардын балансына өткөрүп берүүгө макул эмес. Айтымында, көп жылдан бери реставрациялоо иштери жүргүзүлбөй туруп калган имараттын ичи-тышын оңдоого демөөрчүлөр табылган. Анын үстүнө, имарат өлкөнүн тарыхый-маданий эстеликтеринин тизмесине киргендиктен, аны муниципалдык минчикке өткөрүүгө мыйзам жол бербейт.