Үңкүрдөн куткарылган тайланддык балдар ооруканадан чыгышты

707

Кечээ алар журналисттер менен жолугушуп, келечек пландары тууралуу айтып беришти. Белгилей кетчү нерсе, маалымат жыйындын башында уюштуруучулар балдарга топ менен ойноого мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Андан соң иш чаранын жүрүшүндө балдар үңкүрдө өткөргөн күндорду эстеп, оор абалда ынтымактуу гана болгондуктан тирүү калгандыгын баса белгилешти.

Ошондой эле, куткаруу операциясынын жүрүшүндө каза болгон сержант Самана Кунананын жана башка куткаруучулардын урматына кээ бир балдар аскерге барып, «деңиз арстан», куткаруучу болууга даяр экендигин айтышса, айрымдары мурдагыдай эле, кыялын турмушка ашырып, баары бир футболист болоорун билдиришти. 12 баланын ичинен бир нечеси баарынан баш тартып, өмүр бою буддист болоорун да маалымдашты.

Айта кетчү нерсе, үңкүрдө балдардын баары медитация ыкмаларын өздөштүргөн экен. Психологтордун айтымында, дал ушул ыкма менен алар суусуз, тамаксыз жашай алышкан.

Эске сала кетсек, 23-июнда футбол боюнча курамасындагы 12 бала машыктыруучусу менен жети чакырымга жеткен Тхам Луанг үңкүрүнө барып жоголуп кетишкен. 10 күн издөө иштери жүрүп, акыры суучулдар үңкүрдүн кургак жеринен балдарды таап алышкан. Куткаруу операциясына 10 өлкөдөн 1000дей адам катышкан.