Унутулуп бара жаткан улуттук музыкалык аспаптар (видео)

3010

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурланбек Нышанов байыркы аспаптарды кайрадан жаратуу менен алектенген адам. Салттуу музыканын өнүгүшүнө зор салымын кошкон музыкант, сурнай, керней, сыбызгы, добулбас, чыңыроон сыяктуу аспаптарга кайрадан үн киргизүү менен 30 жылдан бери алектенип келет.

Нышанов унутулуп калган музыкалык инструменттер кайсы учурларда, эмне максаттарда колдонулганын дагы жакшы билет. Айрымдары аскердик жортуулдарда ишке жараса, башкалары тойлордо — көңүл ачууга багытталган. Өмүрүнүн жарымын үйлөмө аспаптарга арнаган уста, байыркы музыкалык аспаптардын тарых-таржымалын «Манас» эпосунан алганын айтат.