Ур-токмокко алынган жарандардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты

699

Аёсуз сабалгандардын жакындары жана бир катар жарандык активисттер Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына нааразычылык акциясына чыгышты.

Анда алар бул кылмышка шектелгендердин табылбай жатышына жана алардын из жашырып кетүүсүнө милиция кызматкерлеринин катышы бар экендигине нааразылыгын билдиришип, тиешелүү тараптарды тыкыр көзөмөлгө алууга чакырышты.

Эске салсак, кечээ Ички иштер министрлиги кызматтык ички иликтөөдөн кийин 5 кызматкерин жумуштан айдаган. Алардын төртөөнө прокуратура кылмыш ишин козгогон. Алар кылмышты жаап-жашырууга жана кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга шектелишүүдө.

28-август күнү Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанында эки киши катуу токмоктолуп, сабагандарды окуя болгон жерден милиция алып кетип, кое берип жиберишкен. 2 шектүүгө издөө жарыяланган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.