Ур-токмокко кабылган үгүтчүлөр (видео)

1897

Өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 158 факты катталды. Эң көбү — шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу. Мындан тышкары, бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук, өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу беренелери боюнча катталган фактылар да бар.

Үгүт жүргүзүү эрежесин бузгандыгы үчүн 8 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилген. Эгерде талапкер 2 жолу эскертүү алса, Борбордук шайлоо комиссиясы анын каттоосун автоматтык түрдө жокко чыгара алат. Бирок айрымдары шайлоодон жеңип чыгуунун айласын издеп, ар кандай ыплас ыкмаларды колдонууну улантышууда.