Уран казылган шаарлар спектаклде (видео)

1841

Ээнсиз калган шаар жана журтун таштап кетип жаткан мүдүр. Учурунда учак конуп, поезд жүргөн, ал тургай бир районду көмүр менен камсыз кылган шаарчанын кейиштүү абалы. Эртең Шаршен Термечиков атындагы Чүй областтык драма театрынын эмгек жамааты дал ушундай көрүнүштү чагылдырган «Журт» аталышындагы спектаклин көрүүчүлөргө сунуштайт.

Оюн адабиятчы Абибилла Пазыловдун «Ажырашар аяк» пьесасынын негизинде коюлууда. Чыгармада мекенге, дос-тааныштарга, тууган-урукка жана үй-бүлөгө болгон сүйүү кеңири баяндалат.