Уран кендерин иштетүүгө каршы митинг (видео)

1168

Убагында Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө уруксаат берген аткаминерлерди кылмыш жазасына тартуу керек. Мындай билдирүүлөр нааразычылык акциясынын жүрүшүндө байма-бай айтылды. Жарандык активисттер лицензияны алып, геологиялык чалгындоолорду баштаган компания да материалдык жана моралдык компенсация төлөп берсин дешет.

Ошондой эле, өлкө боюнча уран кенин иштетүүгө деп берилип кеткен бардык уруксат кагаздарын жокко чыгаруу талабы коюлду. Буга кошумча радиоактивдүү уран кенин иштетүүгө түбөлүк мораторий киргизилсин, дешет акциянын катышуучулары.