Уран кени казылбайт. Иш токтотулду (видео)

1074

Чуу жараткан уран кениндеги иштер убактылуу токтотулду. Тоң менен Кочкор райондорунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинде иш экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин жүргүзүлбөйт. Мындай чечимди премьер-министр кабыл алды.

Буга жергиликтүү тургундар менен жарандык активисттердин каршылыгы себеп болду. Интернетте уран кенин иштетүүгө каршы чакырыктар менен кол чогултуу башталган. Аны 11 миңден ашык адам колдоду. Ал эми аймакта нараазычылык акциясы уланып, ага 300дөй адам чогулду.