Уран кенин иштетүүгө уруксат берген 4 аткаминердин аты аталды (видео)

692

Кызыл-Омпол уран кени боюнча өкмөт так бир чечимге келе элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт башчы мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгынан кийин гана уран кенин иштетүүгө уруксат берилеби же жокпу белгилүү болот дейт.

Ошондой эле, Мухаммедкалый Абылгазиев 9 жыл мурда Кызыл-Омпол кенин чалгындоо жүргүзүү үчүн уруксат берген 4 аткаминердин атын атады.