Уран маселеси коомдук угууда (видео)

689

Жыл аягына чейин Кыргызстандын аймагында уран жана торий кендерин геологиялык чалгындоого, иштетүүгө таптакыр тыюу салынышы мүмкүн. Мындай өңүттөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук угуудан өттү.

Жыйынга документти демилгелеген депутаттар, геологдор, экологдор, жарандык активисттер жана уран кени бар аймактын жашоочулары катышты. Парламентарийлердин айтымында, мыйзам долбоору элдин талабынын негизинде иштелип чыкты.