Уран маселесинен тойду өйдө көргөн ЖК депутаттары (видео)

615

Өлкөдө уран кени казылбайт жана аны чалгындоого иштерине толугу менен тыюу салынат. Мындай токтом Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Документке каттоодон өткөн 108 депутаттын 90у макул деп добушун берди. Анда өкмөткө «ЮрАзия» компаниясы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзамды так сактап же сактабаганын текшерүү, дегеле радиоактивдүү металлдар чыккан тилкелердин так санын аныктап чыгуу тапшырмалары берилди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кандай чара көрүлүп жатканы тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берди.