Уранга каршы мыйзам соттошууга жеткиреби? (видео)

549

Кызыл-Омпол кенин чалгындоо, изилдөө иштерине чындыгында эле 271 миллион сом сарпталганбы? Муну эми комиссия текшерип чыгат. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эми уран казууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирсе кен иштетүүгө уруксат алган чет өлкөлүк компаниялар эл аралык сотко кайрылып, өкмөттү доого жыгышы мүмкүн экен. Мындай чочулоосун айткан аткаминерлер депутаттардан тил угушту.