Үрөй учурган жол кырсыктары (видео)

3226

Өткөн дем алыш күндөрү өлкөдө жүрөк үшүн алган 3 ири жол кырсыгы катталып, анда каза болгондордун саны 16 адамга жетти. Ошондой эле бир нече адам ар кандай оор жаракаттарды алып, бейтапканаларга жеткирилишкен.

Жол сакчылары да авария былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 45 пайызга өскөндүгүн билдирип, айдоочуларды этият болууга чакырууда. Ал арада президент Садыр Жапаров да Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды.