Үсөн Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

1405

Азыр Бишкекте Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операция учурунда окко учкан подполковник Үсөн Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум менен коштошууга УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев келди.

7-августта кечинде Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда «Альфа» атайын багыттагы бөлүмдүн кызматкери Үсөн Ниязбековго снайпердик куралдан жүрөгүнө жана өпкөсүнө ок тийген. Оор жаракат алган Үсөн Ниязбеков ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.

46 жаштагы Үсөн Ниязбеков УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары болуп 7 ай мурда эле дайындалыптыр. Ал кызматы үчүн «Эрдик» төш белгиси жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ушул жылдын сентябрь айында полковник наамын алууга даярданып жаткан. Маркумдун артында жубайы жана 4 баласы калды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.