Үсөнбаев: Вирус тастыкталгандар менен 8 367 адам байланышта болгон

2838

21-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы жуккан адамдар менен контактта болгондордун жалпы саны 8 367 адам. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө улам өзгөрүп турушу ыктымал. Алардын ичинен жакын байланыштагылар 1940, башка байланыштар 6447 адам. Оорусу тастыкталган адамдар менен байланышта болгондордун арасынан 714 киши обсервацияда жатат.

21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.