Уткан гранттын акчасын машыгуу залын оңдоого жумшаган жигит (видео)

4400

Тубаса шал оорусунан жабыркаган Канат Абдыжапаров армрестлинг спорту боюнча коло медалдын ээси гана эмес, эми социалдык долбоордун жеңүүчүсү.

Ал Улуу Британияда өткөрүлгөн сынакта биринчи орунду ээлеп, ал жактан грант катары утуп алган 2000 фунттун жарымынан көбүн карьерасын баштаган машыгуу залын оңдоого жумшаган.

Канат Абдыжапаров муну менен токтолуп калгысы келбейт. Ал бир жумадан кийин социалдык долбоорлор менен алектене турган фонд ачканы турат.