Уул-кызы туруп, көчөдө калган пенсионер (видео)

655

Турак-жайынан ажырап, бир ай бою аялдамада түнөгөн пенсионер. Ош шаарында 71 жаштагы Анаторий Пегусовдун көчөдө жатканын көргөн милиция кызматкерлери эч кандай чара көргөн эмес.

НТС телеканалынын кабарчысы Гулжан Алтымышбаева карыяны таап, аны интернатка жайгаштырды. Анатолий ата 19 жыл мурда үч бөлмөлүү батирин шылууундарга алдатып жиберген. Андан бери бул батир колдон колго өтүп, 4-5 ирет сатылып кетиптир.