Уюлдук оператолордун электрондук капчыктары күмөн жаратат (видео)

894

Уюлдук операторлордун электрондук капчыгына салынган каражаттын сакталаарына кепилдик жок. Эгер компания сызга отуруп калса, акча кардарга кайтарылбайт. Бул тууралуу бир катар коммерциялык банктын өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти. Учурда Кыргызстанда банктар тарабынан киргизилген 6 электрондук капчык мыйзам чегинде иштетилип жатат. Аны колдонгон 500 миңден ашык адамдын кызыкчылыктары корголгон, дешет банкирлер. Ал эми уюлдук операторлордо мындай мүмкүнчүлүк жок. Эгер мобилдик компаниялар бул жаатта ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү кааласа, лицензия алып, Улуттук банктын талаптарына баш ийиши керек, дешет финансылык уюмдун өкүлдөрү.