Уулунан айрылган ата аткаминерлерге нааразы (видео)

4001

Оренбург шаарында жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүүдө өкмөт жардам берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маркумдардын жакындары билдиришүүдө. Алардын айтымында, кырсыктан көз жумгандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө өздөрүнүн каражатын коротуп, барып келишкен.

8-декабрда Оренбург шаарында кыргызстандыктар бараткан унаа жол кырсыгына учурап, 4 киши каза тапкан болчу. Алардын жасатын жеткирүүгө аталган шаардагы консулдук менен өкмөт жардам бергени тууралуу расмий маалымат жарыяланган эле.