Уулуу заттын жаңы түрүн жыттаган окуучулар көбөйүүдө (видео)

1365

Өспүрүмдөр арасында психотроптук заттардын жаңы түрү жайылууда. Адистердин айтымында, «Карб» деп аталган химиялык затты жыттагандар көбөйдү. Бул химиялык каражат ээн-эркин сатылып, техникалык максатта колдонулат. Ал суюктук негизинен авто тетиктердеги датты жана башка кирди тазалоо үчүн колдонулат. Дарыгерлердин айтымында, адамды акыл-эстен ажыраткан затты жыттап, 6-класстан 9-чу класска чейинки мектеп окуучулары азгырылган учурлар арбын. Адистердин пикиринде, мындай жагдайдын себеби — ата-энелер күнүмдүк тиричилик менен алек болуп, балага жетишээрлик көңүл бурулбай жатканында.