Уурулардын көзүн кызарткан унаадагы катализатор (видео)

2564

Кыргызстан климаттын ысышынан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн сап башынан орун алды. Мындай маалыматты Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги жазып чыкты. Дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр өзгөчө өлкөдөгү айыл чарба тармагына кедергисин тийгизип, дыйкандар жабыркап жатыптыр. Бирок мындай глобалдык деңгээлдеги көйгөйдү ойлогонго жакында убакыт табылчудай эмес.

Себеби учурда кыргыз өкмөтү Бишкектеги ыш маселесин чече албай убара тартууда. Айрым адистер абанын кирдешине унаалардан чыккан түтүн да кошумча экенин айтышат. Ал арада бул түтүндү чыпкалай турган унаадагы атайын жабдыктын наркы да көтөрүлүп кетип, уурулардын көзүн кызартып турган убагы. Бирок алар жабдыкты таптакыр башка максатта колдонушат экен.