Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 6 килограмм героин менен кармалды

851

Тартип сакчылары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн 6 килограмм героин менен кармады. Кезектеги атайын операциянын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү баңгизаттын оор түрүн туруктуу өткөрүп турган канал жок кылынды.

Кылмышка шектүү Тажикстандан героинди контрабанда жолу менен Кыргызстанга алып келип, андан ары чет өлкөлөргө сатып турган. Кармалган адам Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну. Ал уюшкан кылмыштуу наркотоптун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган.

Анын үйүн тинтүү учурунда 48 таңгак табылып, анын ичинде 6 килограмм героин оролгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.