Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү КРнын паспортун мыйзамсыз түрдө алган

794

Россиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Борис Матузный паспортту мыйзамсыз түрдө Сузак районунан алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, быйыл январда издөөдө жүргөн Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Борис Матузный Испанияда кармалган. Анын жанынан Кыргызстандын эки паспорту табылган.

Бул иш боюнча Кыргызстандын ички иштер органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада ал паспортторду мыйзамсыз түрдө 2016-жылы Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмү бергени аныкталган.

Бул факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Мөөр, штамп жана башка документтерди жасалмалоо” беренелери менен иш козголгон. Кылмыш ишинин алкагында Сузак райондук калкты каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси жана дагы бир кызматкери камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.