УКМК: Сирияда атайын машыгуудан өтүп келген адам кармалды

802

Сирияда атайын машыгуудан өтүп, Кыргызстанда террордук актыларды жүзөгө ашырууга келген адам кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, биздин өлкөнүн 27 жаштагы жараны, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп келген. Ал Сирияда өкмөттүк аскерлерге каршы согушканы аныкталды.

Эл аралык террордук уюмдардын жетекчилеринин көрсөтмөсү менен, Кыргызстандан адамдарды Сирияга азгырып жөнөтүү жана өлкөдө диверсиялык-жардыруу акцияларын жүргүзүү боюнча тапшырма алган. Ага карата чет өлкөдөгү куралдуу кагылыштарга катышкан, террорчулук даярдыктан өткөн жана жалданып согушкан беренелери боюнча иш козголду.