Вагондо күн кечирген 8 балалуу үй-бүлө (видео)

693

Чүй областында оор шартта жашап жаткан көп балалуу үй-бүлө бийликтегилерден жардам күтөт. Кара-Балта шаарында вагондо күн кечирген жубайлардын азыр 8 баласы бар. Улуу кызы 14 жашта болсо, кичүүсү 1,5 жашта.

Туруктуу жашаган жери жок болгондуктан мектеп курагындагы 5 баласын интернатка өткөрүп берген. Үч баласы өздөрү менен көчүп-конуп келишет. Жубайлар жакында эгиз балалуу болгону турушат.