Вагондо жашаган бөбөктөр эмнени кыялданышат? (видео)

2159

Өкмөттөн эч кандай жардам албаган 5 балалуу үй-бүлө Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 7 жылдан бери темир вагондо баш калкалап келет. Убагында жер тилке алабыз деп ниеттенген аялы-күйөөсүнүн тилегин таш каап, уулу жол кырсыгына учураса, бир кызы ооруга кабылган.

Ошодон кийин ири суммадагы кредит алууга да аргасыз болушкан. Баары аз келгенсип пандемия башталып, оп-чап тиричилигин кылып үй-бүлөнүн жашоо деңгээли начарлап кеткен. Вагондо күн өткөргөн балдар келе жаткан жаңы жылда ак өргөлүү болсок деп кыялданышууда.