Вайнерлерге салык салынат (видео)

1874

Эми блогерлер да салык төлөй башташы мүмкүн. Тактап айтканда, алар социалдык тармак аркылуу жарнамадан түшкөн пайдасынын 10 пайызын мамлекетке киреше салыгы катары төгүшү шарт. Мындай ченем салык кодексинин жаңы редакциясына киргизилип, электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык деп аталат.

Эгерде блогерлер буга макул болушпаса, анда жеке ишкер катары катталып, 4 пайыздык ченем менен бирдиктүү салык төлөшү керек, — дешет кодекстин үстүнөн иштеп жаткандар. Бул боюнча блогерлер эмне дейт? Дегеле бул демилгени ишке ашыруу канчалык деңгээлде мүмкүн?