Вакцина алдык, — деп алдагандар (видео)

3460

Коронавируска каршы эмдөө боюнча документти жасалмалаган шылуундар арбыганы маалым болду. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл областынын Тоң районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан Баткен областында иштеген 20 мугалим эмделгени тууралуу мыйзамсыз сертификаттар алынган.

Интернетте сертификат сатылып жатканы тууралуу маалымат чыккандан кийин, мекеменин кызматкерлери өздөрү текшерүүгө алышкан. Анын жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталып, иш милицияга өткөрүлүп, кылмыш иши козголгон.