Вакцина ишкерлер менен мигранттардын эсебинен сатып алынабы? (видео)

3088

Азыркы тапта коронавируска каршы эмдөө иштери уланууда. Өлкө боюнча ийне алгандардын саны эки жүзгө чукулдады. Баарына Кытайдан келген Синофарм вакцинасы сайылууда. Ал эми май, июнь айларында Россиядан чыккан “Спутник ВИ” препараты жеткирилет деп күтүлүүдө. Кыргызстан ага кезекке туруп койгон.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Спутник ВИ” вакцинасын ал жакта иштеп жүргөн мигранттар менен ишкерлердин эсебинен сатып алууну пландоодо. Учурда жеке клиникаларга дагы эмдөөгө уруксат берүү маселеси караштырылууда. Буга менчик ооруканалар даярбы?