Вакцинацинанын 994 дозасы эмне себептен жарактан чыккан? (видео)

2737

Кытайдын “Синофарм” вакцинасы жакынкы 10 күн ичинде түгөнөт. Ал арада аталган өлкө менен каттамдар жабылгандыктан вакцинанын экинчи партиясын Кыргызстанга алып келүүгө мүмкүн болбой жатат. Учурда өкмөт 150 миң дозаны өлкөгө жеткирүүнүн айласын издөөдө.

Минтип бекер вакцинаны алып келе албай жаткан чакта Бишкектеги №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда “Спутник ВИ” вакцинацисынын 994 дозасы керектен чыкканы маалым болду. Муздаткычтын иштебей калышына түрдүү божомолдор айтылууда. Азырынча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 840 миң сом деп эсептелүүдө.