Валентина Шевченко «Даңк» ордени менен сыйланды (видео)

880

Президент Сооронбай Жээнбеков UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону “Данк” ордени менен сыйлады. Ал эми машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы ыйгарылды. Өлкө башчысы Валентинаны аялдардын эң жеңил салмагында чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктады.

Өз кезегинде Валентина Шевченко да, президентке жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мекендештердин колдоосун дайыма сезип турганын белгиледи. Президент менен жолугушуудан кийин Шевченко Бишкек шаарындагы күйөрмандары менен жолукту.