Валюта рыногунда акыркы абал кандай? (видео)

2892

Москва биржасында рублдин курсу реалдуу бааны көрсөтпөй жатат. Ушундан улам Улуттук банк аны аныктоонун тартибин убактылуу өзгөрткөнгө аргасыз болду. Ага ылайык, мындан ары Россия акчасынын чыныгы наркын билүү үчүн Блумберг жана Рейтерс финансы маалымат агенттиктери жарыялаган маалыматка таянуу керек болот.

Талдоочулардын айтымында, эки башка валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген кросс-курс ыкмасы өлкөнүн экономикасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Акыркы 5 күндө эле Улуттук банк кризиске каршы бир катар чечимдерди кабыл алууга мажбур болууда. Алардын бири — долларды накталай алып чыгууга тыюу салынды.