Вандализм үчүн айыпталган кыргызстандыктын иши сотко өттү

839

Америкалык басылмалар Вашингтон шаарында АКШнын мурдагы президенти Авраам Линкольндун эстелигине тыйын менен өз ысымын чийип жазган Кыргызстандын жараны кармалганын жазып чыгышты. Маалыматка караганда, кыргызстандык жигит 18-сентябрда вандализмге айыпталып кармалды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы элчилик шаардын полициясы менен байланышып Н.Б. аттуу жаран кыргызстандык экенин аныктаган. Ал октябрдын башына белгиленген соттук териштирүүгө сөзсүз келсин деген талап менен үйүнө кое берилди. Анын жосунсуз жоругунан келтирилген чыгым 2 миң долларды түзгөн.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин кызматкери бул жаран менен байланышып, сүйлөшкөндө ал кылганына өкүнүчүн билдирген. Америкалык «Вашингтон пост» гезити айкелге зыян келтирген адам 21 жаштагы Нуртилек Бакиров экенин жазды. Социалдык түйүндөрдө америкалык коомчулук бул маалыматты вандализм деп катуу талкууга алып жатышат.

Nydailynews басылмасы маалымдагандай, кыргыз жараны күнөөлүү деп табылса, 10 жыл эркинен ажыратылып же 25 миң доллар айып пул төлөшү ыктымал.