Вашингтондо Кыргызстандагы шайлоого арналган брифинг болуп өттү

746

Административдик ресурс, акчага добуш сатып алуу сымал көрүнүштөр шайлоонун жыйынтыгына кедергисин тийгизиши мүмкүн. АКШнын борбору Вашингтондо Хельсинки комиссиясынын 3 экспертинин катышуусунда Кыргызстандагы шайлоого арналган брифинг болуп өттү. Бул комиссия АКШ өкмөтүнүн курамында болуп, адам укуктары жана коопсуздук маселелерине көз салат.

Саясий талдоочулардын айтымында, мамлекеттик административдик ресурсту бир талапкердин пайдасына колдонуу — тынчсыздануу жараткан маселелердин бири. Андыктан эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө багытында Боршайком менен жарандык коомдун алдында чоң сыноо турат,- деди Шайлоо системалары боюна эл аралык фонддун эксперти Энтони Бойер.

Ошондой эле, лидерлери сейрек алмашкан Борбор Азия чөлкөмү үчүн Кыргызстандагы шайлоонун мааниси чоң экенин жана өлкөдө добуш берүү жаны технологияларга ылайык өтүп жатканын оң баалады.

Ал эми дүйнөдөгү демократия жана медиа эркиндигине байкоо салган «Фридом Хаус» уюмунун Евразия боюнча директору Марк Бехрендт бул жолку шайлоо Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы көрсөткүчтөрү төмөндөгөн шартта өтүп жатканын айтты.