«Вечерний Бишкек» кимдин карамагына өтөт? (видео)

824

«Вечерний Бишкек» басма үйү жана «Рубикон» жарнамалык фирмасына байланыштуу жаңы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Эске салсак, 4-сентябрда Сот департаментинин Бишкектин Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн бул факты боюнча кылмыш иши ачылган. Ага аталган обьекттердин мурдагы жетекчиси Александр Кимдин берген арызы себеп болгон.

Кечээ «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн учурдагы жетекчиси Александр Рябушкинге карата кылмыш иши ачылганы белгилүү болду. Ал «алдамчылык» беренеси боюнча шектелүүдө.