“Вечерний Бишкектин” жетекчиси Александр Рябушкин камакка алынды

764

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, акционердин арызынын негизинде басма үйү текшерилип, жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталды.

Алсак, 2016-жылы Бишкек шаардык соту «Вечерний Бишкек» басма үйүн, гезиттин редакциясын, интернет сайтын, «Рубикон» рекламалык фирмасын аброюма шек келтирди деген доогер Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 миллион сом төлөп берүү чечимин чыгарган.

Ошондой эле, 2015-жылдын август айында Свердлов райондук соту «Вечерний Бишкек» басма үйүн Икрамжан Илмияновго 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Тергөө учурунда 2 жыл мурда, аталган мекеменин директору Мурат Божокоев менен кожоюну Александр Рябушкин акционерлердин кызыкчылыгына каршы келгенине карабай, доогерлерге кассадан накталай санап төлөп беришкен.

Мунун негизинде компанияга ири материалдык зыян келтирилген. Буга байланыштуу Рябушкинге алдоо, коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасалмалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы менен азыркы кожоюндарынын ортосунда дагы талаш маселеге чекит коюла элек. Мурдагы бийлик учурунда Александр Ким мекемесин Рябушкинге соттун чечими менен тарттырып жиберген. Быйыл бул боюнча кайрадан териштирүү жүргүзүлүп, сентябрь айында башкы прокуратура учурунда рейдерлик басып алуу болгонун тастыктап, ички иштер министрлигине тергөөгө жөнөткөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.