«Вефа» соода борбору талашка түшүүдө (видео)

2061

«Вефа» соода борборун рейдерлик жолу менен басып алуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу аталган жайдын ээси билдирип чыкты. Маселе Түркиядагы төңкөрүш уюштуруу аракетинен кийин жаралган.

Себеби башта соода борбору түркиялык ишкерге таандык болгондуктан, ал жактагы куралдуу төңкөрүш аракетинен кийин, Түркия бийлиги “Вефа” борборунун мурдагы жетекчисин сыртынан абакка кесип, анын мүлкүн улутташтыруу чечимин чыгарган.

Бирок обьекттин жаңы ээлери “Вефа” борборун ал окуя катталганга чейин эле сатып алышканын билдиришүүдө. Эми болсо борбордун кожоюндары соттон-сотко сүйрөлүүгө мажбур болушууда.