Велотуристтерди өлтүрүүгө айыпталган киши кылган ишине өкүнгөн жок

792

Дангарада чет өлкөлүк туристтерге кол салган топтун башчысы Хусейн Абдусамадов сотто жасаган иши үчүн өкүнбөй турганын билдирди.

Тажикстан Жогорку соту 23-октябрда төрт туристтин өмүрүн алган кылмыш ишин кароону баштаган. Соттун көчмө жараяны №1 тергөө абагында өтүүдө. Баардыгы болуп 17 киши айыпталууда. Алардын айрымдары кылмышты жашырууга күнөөлөнүүдө.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы эки чет өлкөлүк жараат алган.

Туристтерге түздөн-түз кол салган беш кишинин ичинен Хусейн Абдусамадов гана тирүү калган, төртөө болсо атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Топтун башчысы Хусейн Абдусамадовго карата “Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү”, “Терроризм” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тажикстан Жогорку сотунун судьясы Бобокалон Муродзода 26-октябрда айыпталуучулардын баары күнөөлөрүн мойнуна алганын, Хусейн Абдусамадовдон башкасы кылган иштерине өкүнгөнүн билдирди. Соттун кийинки отуруму 29-октябрда өтөт.