Велотуристтерге кол салган топтун башчысын өмүр бою соттоо суралды

1057

 

Мамлекеттик айыптоочу Душанбе-Дангара унаа жолундагы чет өлкөлүк велотуристтерге кол салуу боюнча иште негизги айыпталуучу катары өтүп жаткан Хусейн Абдусамадовду өмүр бою эркинен ажыратууну сурады.

Туристтерге кол салган топтун башчысы Хусейн Абдусамадовго каршы быйыл июлда 9 берене боюнча кылмыш иши козголгон. Бийлик аны мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө, терроризмге, экстремизмге, кылмыштуу топ түзүүгө, атайылап мүлккө зыян келтирүүгө жана жарандарды чет өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге азгырууга айыптоодо.

Быйыл 29-июлда Дангара-Душанбе кан жолунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жаракат алган.

Өмүр бою түрмөгө кесүү суралган Хусеин Абдусамадов — кол салгандардын ичинен тирүү калган жалгыз адам. Калгандары колго түшүрүү операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Учурда бул иш боюнча 15 киши соттолууда. Алар соттук отурумда акыркы сөздөрүн айтышты. Буга чейин Абдусамадов кылмышты мойнуна алганы, бирок кылганына эч өкүнбөгөнүн билдиргени кабарланган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.