Венгриянын өкмөт башчысын таңдандырган ат оюндары (видео)

1023

Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосундагы этно шаарчада «Салбурун» эл аралык фестивалы башталды. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл катышуучулардын саны эки жыл мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге чейин көбөйгөн. 2 күндөн бери өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 18 медалга ээ болду. Анын бешөө — алтын.

Кечээ кол күрөш боюнча күч сынашкан кыргыз спортчулары 3 медаль утуп алышты. Ал эми казакстандык команда армрестлингде 7 медалга ээ болуп, алдыга озуп чыкты. Жалпы эсепти алып караганда кошуна өлкөдөн келген спортчулар 19 медаль менен алдыда келе жатат.