Ветеринардык-санитардык инспекциясынын кызматкерлерине иш козголду

604

Бишкек шаарынын Ветеринардык-санитардык инспекциясынын айрым кызматкерлери калаадагы базарлардын биринде азык-түлүктөрдү текшербей туруп эле сатуучуларга тиешелүү документерди берип турушкан. Бул үчүн алар жең ичинен акча алып турушкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, иликтөөнүн жүрүшүндө атайын даярдалган адамдар 2 ай бою жасалма документтерди сатып алып турушкан. Кезектеги жасалма тастыктаманы сатуу учурунда инспекциянын лабораториясынын башчысы кармалган. Учурда бул боюнча ал мекеменин жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Талапка ылайык, базарга сатыкка чыккан азык-түлүктөр атайын текшерүүдөн өтүүсү зарыл.