Вьетнамда «Демри» тайфуну 89 адамдын өмүрүн алды

857

Вьетнамдын түштүк аймагын каптаган «Демри» тайфуну 89 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдиришти. Ошондой эле, кеминде 16 адамдын дайыны чыкпай жатканы айтылууда. Бул жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жүз миңдеген үйлөр суу алдында калып, миңдеген гектар күрүч талаалары жок болду.

«Демри» тайфуну Вьетнамдын 7 провинциясын каптаганы белгилүү болду. Ошол эле убакта, өлкөнүн Дананг шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын саммити башталууда.

2 күндөн кийин бул иш-чарага катышуу үчүн бир катар өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде АКШ, Кытай жана Россия президенттери келиши күтүлүүдө. Катаал аба ырайына карабастан, саммиттин программасы азырынча өзгөрүлгөн жок.