Вице-мэр миллиондорду чөнтөккө салып алганбы? (видео)

4756

Коррупциялык схема уюштурган деп шектелген Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков камакта калтырылды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 18-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Калаа жетекчисинин орун басары өкмөттө иштеп турганда Чүй областынын Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо жеке ишкананын кызыкчылыгын колдоп, объектини жасалма ишке киргизген деп айыпталууда. Мунун айынан бюджетке дээрлик 11 миллион сом зыян келтирилиптир. Бир ай мурда ачылып, ишке берилген мектеп талапка жооп береби?