Вице-премьер мамлекеттик кызматкерлерди үгүттөдү (видео)

726

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев токтоосуз кызматтан кетип, жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү айтып чыгышты. Буга вице-премьер-министрдин Баткен областында мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушуусунда КСДПнын талапкерине үгүттөгөн аудио тасманын коомчулукка жарыяланышы себеп болду. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин отурумунда административдик ресурс колдонуу күч алып жатканы айтылды. Аймактарда үгүт иштерине мектеп окуучулары тартылып, сабактар үзгүлтүккө учурап жатканы белгилүү болду. Эл өкүлдөрү талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, аткаминээрлер эч кимге артыкчылык бербеши керектигин эскертишип, өкмөттү таза шайлоо өткөрүүгө чакырышты.