Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамды одоно бузууда

1249

Дүйшөнбек Зилалиев өлкөнүн аймактарын кыдырып, участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштеринин абалы менен таанышууга барган учурда КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үгүттөө жүргүздү. Ал кечээ Баткен областынын активи менен жолугушуп жатканда өзү бийликтин кандидатын колдорун айтып, чогулгандарды да ушуга чакырды.

Мунун баары аудиотасмага жазылып, Интернетке тарады. Анда Дүйшөнбек Зилалиевдин суранычында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө басым жасоону дагы байкоого болот. Анткени вице-премьер-министрдин үгүт чакырыгында «Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө», деген создор айтылат.

Белгилей кетсек, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев шайлоолорду уюштуруу боюнча республикалык штабдын дагы төрагасы болуп келген. Мындай даражадагы кызматкердин мыйзамды одоно бузуп, административдик ресурсту колдонуп жатканы таза шайлоо өткөрүү аракетине көлөкө түшүрүп койду, дешет эксперттер.