Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш иши козголбойт

683

Башкы прокуратура аткаминердин аракетине укуктук баа берүүдөн баш тартты. Мындай жооп камтылган документти көзөмөл орган жарандык активист Адил Турдукуловго жөнөткөн.

Ал вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен областынын активи менен жолугушуп жатканда КСПДнын талапкерине үгүттөгөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деген талап менен Башкы прокуратурага кайрылган. Бирок көзөмөл орган Турдукуловго жооп катында Зилалиевге кылмыш иши козголбой турганын маалымдаган. Буга БШК вице-премьер-министрге карата чечим чыгарганы жүйөө келтирилген.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Дүйшөнбек Зилалиевге катаалыраак чара көрүлсүн деген чечим кабыл алган. Бүгүн эле өкмөттөн кабарлашкандай, вице-премьер-министрге катуу сөгүш берилди. Сапар Исаков орун басары мыйзамды одоно бузуп жатса дагы кескин кадамга бара албай, мококтугун көрсөттү, дешет эксперттер.