Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

1362

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2 жыл мурда дайындалган. Бирок бул убакыт аралыгында коомчулук тарабынан анын дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген. Айрыкча, Баткен областынын тургундары кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселе чечилбей жатканына нараарызычылыктарын билдирип, Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышкан эле.

Белгилүү болгондой, бир жума мурда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча милдеттер алынып салынган. Бул вазыйпа жаңы дайындалган вице-премьер-министр Эрик Асрандиевге жүктөлгөн.

Жеңиш Разаков өзү кызматтан кетишинин себебин үй-бүлөлүк шартка байланыштырды. Мурдагы аткаминер азырынча мамлекеттик кызматтардан алыс болуп турарын билдирди. Мындан сырткары, ал азыркы жасаган кадамы жакында боло турган парламенттик шайлоого тиешеси жоктугун да айтууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.