Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров акыркы сапарга узатылды (видео)

1076

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү бүгүн жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болуп, ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү, Темир Жумакадыровдун туугандары, кесиптештери, достору, санаалаштары катышты. Анда сөз сүйлөгөн өлкө жетекчиси Кыргызстан чыгаан уулунан айрылганын, мамлекет орду толгус жоготууга учураганын айтты. Темир Жумакадыров келечектеги президенттердин бири болмок, деди Алмазбек Атамбаев. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.