Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

891

7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында болгон жол кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жан берди.

Анда жолтандабас менен КамАЗ автоунаасы кагылышып, үч киши каза тапкан.

Маалыматты “Азаттыкка” өкмөттөн да ырасташты. Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын жетектеп, Талас облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн жолго чыкканы айтылууда.

Темир Жумакадыров 1979-жылы 4-августта Балыкчы шаарында төрөлгөн. Ушул жылдын коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган.