Вице-премьер: Санкциялар казак импортуна таасир бериши ыктымал

829

Казакстан премьер-министринин орун басары Ерболат Досаев АКШнын Орусияга салган жаңы экономикалык санкциясы Казакстан импортуна таасир этүүсү ыктымал экенин билдирди. Анын айтымында, Казакстан бюджети доллардын орточо курсу – 340 теңге болот деген болжол менен бекиген.

10-апрелде Москва валюта биржасында рубль баасы төмөндөп, бул дароо теңгеге да таасирин тийгизди. Евро менен доллар дээрлик эки рублга кымбаттаган. Евро баасы акыркы эки жылда биринчи жолу 77 рублдан, доллар 2016-жылдын соңунан бери алгач ирет 62 рублдан жогорулады.

Казакстан валюта биржасында бир доллардын орточо наркы 325 теңге 88 тыйынды түзүп, 9-апрелге караганда 5 теңге 47 тыйынга көтөрүлдү.

«Арийне, Орусия менен биржалар алган алгачкы шок сезилет. Импортко байланыштуу белгилүү бир таасирлер болот, бирок биз аларды жолго салабыз», -деди Досаев.

Вашингтон 6-апрелде Кремлдин АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө байланыштуу орусиялык компанияларга жана бизнесмендерге жаңы санкция киргизген.